10.04.2019 15:15

Бишкек шаардык соту үч саясатчынын доо арызын качан карай турганы белгилүү болду

Бишкек шаардык соту үч саясатчынын доо арызын качан карай турганы белгилүү болду

Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» каналы боюнча жазылган доо арызды кароону 22-апрелге, саат 15:30га белгиледи. Анда Келдибеков, Бекназаров жана Дүйшөбаев соттон төмөнкү инстанциянын чечимин жарым-жартылай жокко чыгарууну өтүнүшкөн эле. 

Эске сала кетсек, буга чейин Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президенттин  жана «Апрель»  телеканалынын үстүнөн райондук сотко доо арыз жазышкан. 28-февралда бул боюнча Октябрь райондук сотунда соттук отурум өтүп, сот Алмазбек Атамбаевди алардын ар бирине 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген. Ал эми «Апрель» телеканалы чечим күчүнө киргенден тарта 10 күн ичинде төгүндөө иретинде аталган чечимди жарыялоого милдеттендирилген эле. 

Бул чечимге макул болбогон саясатчылар экс-президенттен 18 миллион өндүрүп берүүнү өтүнүп, кайра Бишкек шаардык сотко арыз жазышкан. Алар жогорку инстанциядан райондук соттун чечимин жарым-жартылай жокко чыгарууну өтүнүшкөн.

«Октябрь райондук сотунун 28-февралдагы Алмазбек Атамбаев ар бир саясатчыга 100 миң сомдон берсин деген чечими жокко чыгарылсын, экс-президент үч саясатчынын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен маалымдоолору чындыкка жатпаганы жөнүндө маалымдап, кечирим сурасын, ар бир саясатчыга 3 миллион сомдон өндүрүлсүн, «Апрель» телеканалы «Массалык маалымат каражаттары тууралуу» мыйзамды одоно бузган деп табылып, ар бир саясатчыга 3 миллиондон төлөп берсин»,- деп жазышкан мурунку саясатчылар.